Бурамалуу кыймыл өткөргүч

Википедия дан

Бурамалуу кыймыл өткөргүч - айлануу кыймылын түз сызыктуу кыймылга айландыруучу механизм.

Негизинен эки тетиктен - бурама жана гайкадан турат. Бурамалуу кыймыл өткөргүчтөр негизги өзгөчөлүктөрүнө, конструкциясынын жөнөкөйлүгүнө, катыш сандын чоң-дугуна, көбүрөөк сүрүлүшүнө жана п. а. к-нин аздыгына жараша колдонулат. Аларда трапециялык, тик бурчтук жана такалма бурама сай жасалат. Конструкциясы боюнча жөнөкөй сүрүлүүчү, гидростатикалык жана ша-риктүү болуп бөлүнөт. Кийинки 2 түрдө сүрүлүү суюктуктук же тоголотмо болгондуктан, п. а. к. 0, 98- 0, 99га жетет. Шариктүү Бурамалуу кыймыл өткөргүч программа боюнча башкарылуучу ста-ноктордо, самолеттордун шассисин көтөрүп-түшүрүүчү механизмде, автомобилдин рулдук башкаруу системасында жана ар кандай приборлордо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.