Бурановские бабушки

Википедия дан
Бураново кемпирлери
BuranovskiyeBabushkishchb.jpg
Жалпы маалымат
Топтун аты: Брангуртысь песянайёс
Куралган жылы: 40 жыл мурда
Куралган жери: Бураново, Удмуртия
Активдүүлүк жылдары: 2008 - азыркы убакыт
Өлкө: Russiach.png Орусия
Жанр: поп, фолк
http://www.buranovskiebabushki.ru

Бураново кемпирлери (удм. Брангуртысь песянайёс)- Удмуртиянын Малапургин аймагындагы Бураново айылынын элдик-фольлордук кемпирлер тобу. Удмурт жана англис тилинде аткарылуучу «Party for Everybody» чыгармасы менен, Еврокөрүнүү 2012 ыр сынагындагы, Орусия өлкөсүнүн көрсөтүүчүсү.

Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ольга Туктарева[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ольга Николаевна Туктарева (43 жаш) — ансамблдын көркөм жетекчиси. Ольга Николаевна 1968-жылы 26-апрелде туулган. Перм Маданият Институтун аяктаган. Буранов айылынын маданият үйүнүн мүдүрү. Башка тилдерден удмурт тилине ырларды которот. Эки баланын энеси.

Алевтина Бегишева[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Алевтина Геннадьевна Бегишева (54 жашта). Алевтина Геннадьевна 1958-жылы 3-февралда туулган. Эсепчи болуп иштеген, өмүр бою эски буюмдарды чогултуп жүргөн, азыр Буранов айылындагы маданият үйүнүн музейин жетектейт. Үч баланы тарбиялап өстүргөн.

Граня Байсарова[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Граня Ивановна Байсарова (62 жаш). Граня Ивановна 1949-жылы 12 июлда туулган. Кесиби боюнча шыбооч-сырдагыч, "Ижевск МашЗаводунда" иштеген. 1975-жылы үй бүлөсү менен Бурановго көчүп келип, 20 жыл ичинде уй саап эмгектенген. Топтун баардык катышуучуларына сахнага чыкканда кийүү үчүн чокойлорду токуп берген. Алты баланы тарбиялаган, сегиз небереси жана бир чөбөрөсу бар.

Зоя Дородова[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Зоя Сергеевна Дородова (71 жаш). Зоя Сергеевна 1940-жылы 15-апрелде туулган. Кесиби боюнча набайчы, Буранов набайканасында, колхоздо саанчы жана Бабин айылынын мектебинин ашканасында ашбозчу жана жетекчи болуп иштеген. Топтун тамак аш көйгөйүн камсыз кылат жана жооп берет. Жесир, бир кызды тарбиялаган жана эки небересин чоңойткону кызына жардам берет.

Галина Конева[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Галина Николаевна Конева (73 жаш)

Валентина Пятченко[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Валентина Семеновна Пятченко (74 жаш)

Екатерина Шкляева[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Екатерина Семеновна Шкляева (74 жаш)

Наталья Пугачева[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Наталья Яковлевна Пугачева (76 жаш)

Елизавета Зарбатова[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Зарбатова Елизавета (86 жаш, өмүрүндө гастролго чыккан эмес, топ менен үйүндө гана ырдайт)

Дискографиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Длинная-длинная береста и как сделать из нее айшон»
  • «Listen to the Babushka»
  • «Party for Everybody»

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]