Бургулоочу станок

Википедия дан

Бургулоочу станок – кендерди чалгындоодо, нефть, газ, жер астындагы сууларды изилдөөдө жана чыгарып алууда жана башка максаттарда, диаметри жана тереңдиги ар кандай көзөнөктөрдү жер кыртышында бургулоо үчүн колдонулган агрегат. Бургулоонун ыкмасына, тектердин физикалык-механикалык абалдарына, көзөнөктөрдүн тереңдиктерине, конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө, коюлган максаттарга жараша пайдаланылган жекече же көп түйүндүү бургулоочу станок колонкаларды айлантып бургулоочу, ургулап, айланта-ургулап, термелте жана шнектүү бургулоочу машиналар (станоктор) деп айырмаланат. Текти көзөп талкалоочу аспабына жараша – шарошкачалар, бытыра, термобургулоо, пневмобургулоо жана башка бургулоочу станокторго бөлүнөт. Дизель же электр түйүнү менен ишке киришип, автомашина же казтамандуу тракторлордо орундаштырылышы мүмкүн. Иштеген шарттарга жараша – жер үстүндө, жер астында, деңиздерде (суу алдында) бургулоочу станоктор деп бөлүнүп салмагы 1000 кг чейинкилери жеңил, кирешелүү – өзү көчүп жүрүүчү жана башка көп түрдүү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]