Бурса

Википедия дан
Бурса.

Бурса (мурда Бруса, Brusa, байыркы Пруса) – Түркиянын Түндүк-батышындагы шаар. Бурса илинин администрациялык бирдиги. Калкы 1,5 млн (2006). Мрамор деңизиндеги Гемлик булуңунун жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар.

Биздин заманга чейинки 2-кылымда негизделип, Рим империясынын, андан соң Византиянын курамына кирген. 1326-ж. Орхан басып алып, Осмон мамлекетинин борбору болгон. 15–17-кылымда жибек токуп сатуунун, 1960-жылдан Эл аралык туризмдин ири борбору. 14–16-кылымдарга таандык мончонун ысык булактардагы калдыктары, ислам зодчийлигинин эстеликтери (Орхан-бей, Баязид I, Улуу-Жами, Ешиль-Жами мечиттери жана башка), мечиттер да бар. Университет, музейлер, машина куруу, текстиль, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жайлары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн борбору.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]