Бурут

Википедия дан

Бурут (моңг. ᠪᠤᠷᠤᠳ ᠤᠳ Буруд-уд, халха моңг. Бурдууд, манж. ᠪᡠᡵᡠᡨ Бурут) — калмактардын, андан кийин кытайлардын кыргыздарды келекелей аташы. Кыргыздар өзүлөрүн бул ат менен эч убакта аташкан эмес. Бирок аларга бурут этноними кеңири маалым. ''Манас'' эпосунун бардык варианттарында калмак-кытай тарабындагы терс каармандар кыргыздарды ушундай аташат.

Кытайдын Аксы-Синцзян Автоном Району, Текес Кыргыздары жашаган району

Айрым окумуштуулар буруттарды биздин эранын 4-кылымынан баштап Хотан чөйрөсүндө жашаган болу, булу, болюйлар менен окшоштурушат. Мындан тышкары 13-кылымдан тартып Саян-Алтай тоолорунда көчүп жүрүшкөн бурут, буру аттуу элдер жөнүндө маалыматтар бар. Бирок алардын ''Манас'' эпосундагы жана калмак-кытай тарабынан аталган буруттарга эч кандай тиешеси жок. Ойрот-калмактар Жунгарияга ооп келгенден кийин (13—14-к.) Чыгыш Тянь-Шанда жашаган Кыргыздар менен коңшу көчүп жүрүшкөн.

15-16-кылымдарда негизинен Жети-Суу, Тянь-Шань жана Чыгыш Түркстанда жашаган Моголстан менен калмак бийлөөчүлөрүнүн ортосунда узакка созулган согуштар болуп, аларга кыргыздар да катышкан. Бул мезгилдерде Калмактар менен кыргыздарда саясий мамиле туруктуу болгон эмес. Ошондуктан, калмактар кыргыздарга өз тилинде «буруттар» башкача айтканда «күнөөлүүлөр», «чыккынчылар», «башка диндегилер» деген маанидеги жасалма ат берген болушу ыктымал. 19-кылымдан кийин бурут этноними жоюлуп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4