Буттем

Википедия дан

Буттем (ал-Буттам, ал-Буттаман, Бутаман, pottman) – тарыхый ороним, Орто Азиядагы тоолуу өлкөнүн орто кылымдагы аты. 7–12-кылымдагы араб-фарсы географиялык адабияттарда, муг документтеринде ал Фергана менен Пянж дайрасынын аралыгында жайгашкан, орографиялык түзүлүшү татаал. Биринчи же Ички, Орто буттем, Тышкы буттем болуп 3 бөлүккө бөлүнгөн. Азыр аларды Ысар (Гиссар), Заравшан жана Түркестан-Алай тоо кыркалары менен салыштырышат.Ал Истахри (10-к.) Буттем –адам жеткис бийик аска тоолор, анын көп жери суук, ызгаардуулугун, тоолордо алтын менен күмүштүн кендери, кеперез менен нашатырь бар экендигин жазган. «Дүйнөнүн чектерин» (10-к.) жазган белгисиз фарсы географы Бутамандын чыгыш чеги Хурсаб (Куршаб) суусунун башына чейин барат деп көрсөткөн.Азыркы географиялык номенклатурада буттем кезикпейт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы