Буудайбек Сабыр уулу

Википедия дан
Буудайбек Cабыр уулу

Буудайбек Сабыр уулу 1933 жылы Чүй районунун Дөң-Арык айылында төрөлүп 2011 ж. дүйнөдөн өткөн.
1950-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин филология факультетине өтүп, 1954 жылы аяктаган.
1954-1960 жж. «Жаш Ленинчи» журналында бөлүмүндө жооптуу катчы болуп иштеген.
«Жаш Ленинчи» журналынан бошотулгандан кийин бир жарым жылча жумушу жок жүргөн.
Буудайбек Сабыр уулу ошол мезгилде элдик фольклор жыйноого кызыга баштаган.Өзүнүн адабий чыгармачылык шыгы болгондугуна карабастан өмүрүн кыргыз фольклорун чогултууга жана сактап калууга арнаган.
Буудайбек Сабыр уулунун фольклордук экспедициялары Исхак Раззаков, Болот Мамбетов, Турдакун Усубалиев тарабынан колдоого алынып турган.
Буудайбек Сабыр уулу чогулткан материалдарын фуюй кыргыздары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн немис окумуштуусу Гундулла Сакс өзүнүн доктордук диссертациясынын коргоодо колдонгон.

Кыргыз эл өнөрпоздору жөнүндөгү «Унутулгус кездешүүлөр», «Эл шайырлары», «Эл куудулдары» деген китептердин автору. “Эл шайырлары” жана “Жомокчулар жана жомоктор” китептери 2008 ж. Турар басмаканасынын жарык көргөн.

Буудайбек Сабыр уулу «Манас» жыйноочу дагы болгон. Аты элге анча белгилүү эмес манасчыларды эл арасынан иликтеп, таап, алардын айткандарын чогултуп, радиого жаздырып, сүрөттөрүн сүрөтчүлөргө тарттырып, фондуга өткөрүп, гезитке жарыялап турган. «Эл шайырлары» китебинде манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдракманов, Сейдене Молдокеева, Уркаш Мамбеталиев, Мамбеталы Ашымбаевдин өмүр жолдорун, чыгармачылыгын баяндаган очерктери берилген.


Маалымат булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]