Буудайчы уулу Дакибай

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дакибай Буудайчы уулу Дакибай 1910-жылы Быстровка районунун (азыркы Кемин району) Чым-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Алты жашынан ата-энесинен ажыраган Дакибайды атасынын кичүү иниси Чоткара уулу Арпачы оз тарбиясына алат. Он жети жашында анын эмгек жолу башта-лат. Эрки күчтүү, өтө таза, чынчыл, элдин кызыкчылыгын сактай билген, ишке жөндөмдүү илберинки бул жигит эл арасында бат эле байкалып калат. Үзүрлүү эмгектенип жүрүп ал Кыргызстан партиялык борбордук ко-митетинин (КП БК) алдындагы пропагандисттердин курсуна жиберилип, аны бүткөндөн кийин 1937-1942 жылдары КПБКнын инструктору, кийинчерээк Үч-Терек (азыркы Токтогул) райондук комитетинин биринчи катчылыгын аткарат. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1960-жылдары Дакибай өзгөчө зор ийгиликтерге жетишкен. Узак жылдар бою ал Быстровка райондук аткаруу комитетинин торагасы, Карл Маркс атындагы колхоздун торагасы болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан.
Дакибай менен турмуштун ачуу таттуусун бирге таткан ишенимдүү жары Асия экөө 1 кыздуу, 6 уулдуу, 20 неберелүү болушту.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган " 1941-1945-жыл-дары Германияны жеңтендик үчүн" деген медалы, көптөгөн Ардак грамоталарга, төш белгилерге ээ болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсандар таржымалы Бишкек-2007ж.