Буцефал

Википедия дан
Буцефал
Түрү:

Тулпар

Жынысы:

Эркек

Туулган датасы:

белгисиз

Туулган жери:

Фессалия

Каза болгон жери:

Гидаспе

Кожоюну:

Искендер Зулкарнайн

Жумуш түрү:

Искендер Зулкарнайндын согушка минген легендарлуу аты

Буцефал же Букефал (грек. Βουκεφάλας, лат. Bucephalus) — антикалык доордогу Искендер Зулкарнайндын согушка минген легендарлуу аты.[1] Македониядан Индияга чейинки созулган узак сапарда Искендер Зулкарнайнды коштоп жүргөн. Түндүк Индияда болгон Гидаспе согушунан кийин өлгөн жана Буцефалга көмүлгөн. Искендер Зулкарнайн Буцефалдын элесине арнап Буцефал шаарын курдурган. Азыркы учурда Пакистан аймагында оорун алган. Аталышы Желам.

Үйрөтүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Искендер Зулкарнайндын Буцефалды үйрөтүп жаткан учуру.

Плутархтын маалыматтары боюнча Буцефал Фессалиядан үйрөтүү үчүн Македонияга алынып келген аттардан болгон.[2] Ат соодагери катары таанылган Филоник Б.з.ч. 344 жылдыкта сатуу үчүн Македониянын падышасы Филип IIге сунуштаган.[3]

Сатып алуу учурунда Буцефалдын чалпоо кыймылын көргөн Филип II алуудан баш тарткан. Бирок ошол учурда 13 жаштагы [4] Искендер атты үйрөтүп алууга мүмкүн экенин айтып, сатып алуусун суранган. Аттын өзүнүн көлөкөсүн көрүп коркуп жатканын сезген Искендер башын күн тарапка каратып, атка өзүнүн көлөкөсүн көрсөтпөй жоошуткан. Ушул окуядан кийин Плутархтын маалыматтарына таяна турган болсок “Уулум, эми өзүнө башка мамлекет изде. Бул сен үчүн өтө эле кичинекей” деген.[2] Буцефалга кылган жакшы мамилесинен улам Искендер Зулкарнайн менен Буцефалдын ортосунда күчтүү байламта пайда болгон.

Уурдалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буцефал Суракарта шаарынан уурулар тарабынан уурдалып кеткен. Искендер атты кайтарып берүүсүн жергиликтүү элден талап кылган. Эгер ат кайтарылбаса элди кылычтын мизинен өткөрөөрүн эскерткен. Атты алып келген ууруларды жазаландырбастан, аларга сыйлык берип узаткан.

Маданият жана көркөм өнөрдөгү орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антикалык доордун леганда аттарынын бири болгон Буцефал чыгармачыл адамдардын негизги темасына айлана алган. Атактуу Лувр музейинде Искендер жана Буцефалга арналган өзгөчө сүрөт көргөзмөсү бар. 2004 жылы тартылган Улуу Искендер киносунда Буцефалдын ролун Фриз тукумундагы ат чагылдырган. Узун жалдуу, кара өңдүү жана чоң ат болгону сүрөттөлөт.

Искендер Зулкарнайн жана Буцефал

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Пегасус сыяктуу мифологиялык мааниге эгедер.
  2. 2.0 2.1 Артур Хью Клаф (редактор), [Жон Драйден]] (котрмочу), Салыштырмалуу жашоо таржымалдары', 2 басылышы, Заманбап китепкана, 2001. ISBN 0-375-75677-9
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 17 -февраль (бирдин айы) 2012.
  4. кээ бир маалыматтарда 12 жашта болгону айтылат.