Лувр

Википедия дан

ЛуврПариждеги архитектуралык эстелик; сүрөт музейи, дүйнөлүк көркөм дөөлөттүн залкар казынасы. Лувр имараты 13–14-кылымда курулган. Луврду кеңейтип куруу иши 19-кылымдын 50-жылдарына чейин созулган. 1791-ж. революциячыл Конвенттин декрети менен Лувр улуттук көркөм сүрөт музейине айланган. 2000-жылдардын башында Луврдун чыгыш жак маңдайы. 1667–72. Архитектор К. Перро. 35 миңге жакын бирдик экспонаты болгон. Байыркы чыгыштык, байыркы египеттик, байыркы гректик жана римдик экспонаттар, скульптура (орто кылымдын) кайра жаралуу доорунун, жаңы жана соңку мезгилдердин, живопись, сүрөт, жасалга-колдонмо өнөр экспонаттары бөлүмдөрү бар. Анда дүйнөлүк мааниси бар «Милостук Афродита» (биздин заманга чейин 2-к., автору белгисиз), Леонардо да Винчинин «Аскадагы Мадонна», «Жоконда», мындан башка Микеланжело, Рембрандт, Рафаэль, Рубенс жана башка сүрөтчүлөрдүн чыгармалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7