Бычалгы

Википедия дан

Бычалгы - жылкынын, уйдун шыйрак терисинин дарты.

Ал механикалык - шагыл, ташка урунуудап, чөңөр тилүүдөн, чалчык, шүүдүрүм аңыьга жаюудан; химиялык - аки таш чаңына, нефть чалчыгына күй-гүзүүдөн, жугуштуу ылайдын ылаңдаткычтарынан, ар түрдүү уугуудан жана башкадан пайда болот. Дарт патологиялык процесстин өнүгүшүнө жараша бир нече түргө бөлүнөт; эритемалуу Бычалгыда малдын териси кызарып, шуудурап - курган, жүнү кырчылат; экзем алуу Бычалгыда териге майда ыйлаакчалар чыгып, жарылып, карттанат, асты ириңдейт; гангреналуу Бычалгыда теринин жана аның жанындагы катмарлары бузулуп, чирийт; чор Бычалгыда тери калыңдап, жүнү түшөт, ар кайсы жери жарылат, андан сасык, сары кочкул суюктук жө ириң агат.

Дарылоо: адегенде дарттын себебин таап, жараны тазалоо керек; эритедалуу, жана экземалуу Бычалгыда - йод, глицерин, циоктаниндин спирттеги 1% аралашмасына кебез чылап, ооруган жерге басат, висмут же цинк майын сыйпайт. Гангреналуу Бычалгы га операция жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.