Бышыктоо

Википедия дан

Бышыктоо – окуу процессинин зарыл этабы, окуучулардын алган билимдери эстеринде бекем сакталып калуусуна багытталган иш-аракеттердин жыйындысы.

Сабактагы өткөрүлгөн иш-аракеттердин басымдуу бөлүгү билимди Бышыктоого багытталат. Мисалы: жаңы теманы өтүп бүткөн соң мугалим аларды Бышыктоо иши менен алек болот. Кийинки этапта мурдагы сабакта өтүлгөн материал кайталанат, аны да Бышыктоо десе болот. Дегеле билим, билгичтик жана көндүмдөрдү калыптандыруу процесси аларды жетишээрлик Бышыктоо аркылуу жүргүзүлөт.

Бышыктоо ар кандай формада жүргүзүлөт: алган билимдерди кайра кайталап берүү (репродукция), көнүгүүлөрдү аткаруу, тренаж, изложение жазуу, үлгү боюнча өз алдынча иштерди аткаруу, суроо-жооп менен Бышыктоо, чыгармачыл Бышыктоо. ж. б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,