Бээжинге аттанууга даярдык («Манас» эпосу)

Википедия дан

Бээжинге аттанууга даярдык («Манас» эпосу) — бөлүмдөгү негизги окуянын башталышы.

Конок болгон элди кандарын баш кылып чакыртып келип, Манас алардын келген жөнүн сураса кара эл түгүл кандардын бири чыгып мындай жумуш менен келдик дебеди. Кандардан жооп болбогон соң Манас мынча кошуун даярданып келиптир, жөн эле кайра тарап кетпей мурдатан берки өчмөндүү жообуз Коңурбайга казат кылалы, буга кандай дейсиңер? — деди эле корккон кандар барбайбыз деп айта албай макулдугун билдиришти. Манастын сунушу менен Бакай колго кан шайланды. Бээжинди билген, жолун көргөн башка киши жок болгондуктан жол бийлиги Алмамбетке берилди. Элди жай-жайына таратып, Манас ордосуна кайтып, Ажыбай менен Чалыбайга Бээжинге баргысы келбегендер үйүнө кайтууга уруксат деп жар чакыртты. Жарчылардан кабар уккан эл ирип, үйлөрүнө кайтмак болуп камдана башташты. Кошуун түп көтөрө кайтканы жатканын уккан Манас жоо кийимин кийинип, кырк чоросун ээрчитип, элди аралады. Анын баатырдык айбат, сүрүн, келбетин көргөн эл бул Манас доол келсе жел тийбес Чытырман токой, жазайыл атса ок тешпес жасалуу чеп турбайбы, аркасында жүрүп аңгемесин көрөлү! — дешип бел байлап, кайда баштаса кошо бармак болушуп, кетпей калышты. Бээжинге аттанмак болгон элдин эсебин алса отуз жүз миң адам экен. Манас өз жылкысынан эр башына бирден кошок ат, кош тартууга ар кошко бирден айгыр алсын, кошко бирден байтал жетелей келип союп, бүгүнкү түнкү коногу өз мойнунда болсун деп дагы жар чакыртты. Манасты алкап, айтканындай кылып ат, айгырын кармап алышты. Эртеси таң менен Бакай баштаган кол аттанып жолго чыгышты.

Жортуулга даярдык, барууну каалабагандарга кайра үйүнө кете берүүгө жол коюу, эсептен өткөн кошунга мингич, же кошок ат катары жылкы таратуу жеке эле кыргыздардагы салттык көрүнүштөр болбостон, башка элдердин баатырдык эпосторунда да жолугуучу даяр сюжеттердин, эл турмушунан орун алган салттык жөрөлгөлөрдүн биринен.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта да, Валиханов жазып алган эпизоддо да жок, бирок жортуулга аттануудагы даярдык экөөндө тең эскерилип, Валиханов жазып алган эпизоддогу текстте кененирээк берилген.

Сюжеттин өнүгүшү Саякбай Каралаевдин вариантында башкача: Бакайдын акылы менен алдына айдалып барган кандар Манастын силерге эмне кылдым эле деген суроосуна жүйөөлүү жооп таба алышпайт.

Камалган кандардан сөз чыкпасын көргөн эштектердин Жамгырчы: «Биз сизди чапканы келбестен, арстан Манас барында атактуу Бээжин жер менен атышалы деп келдик эле», — дейт. Манас кубанып, үйлөрүндө жаткан Кошой, Төштүк баш болгон башка кандарга да келсин, кытайга казатка аттанабыз деген кабар менен Желмаянды мингизип, үзүктөй калпак Шуутуну жөнөтөт. Он эки кан мусулман бүт чогулат. Кырк чоро кошуунду конокко алып, Ырчыуул менен Байчорого конок жетпей калат. Ал экөө таарынычын Бакайга айтып, ал ар кимден жүздөн киши. салык салып конок чогултуп берет. Казатка баруучу аскерлерге Каныкей курал-жарак, кийим-кече, күлазык таратат. Колдун эсеби он эки сан адамга толуп, колго Алмамбет кан шайланат. Манас жолго азык деп киши башына экиден жылкы берет. Каалабагандар үйүнө кете берсин деп уруксат берет.

Башка белгилүү манасчылардын варианттарында да бул окуялар негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына, Саякбай Каралаевдин вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4