Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму

Википедия дан

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ВОЗ) – Эл аралык медициналык уюм; БУУнун атайын мекемеси. 1945-ж. уюшулган. 1946-ж. Нью-Йоркто 51 өлкөнүн Эл аралык конференциясы ВОЗдун уставын иштеп чыккан жана кабыл алган, ВОЗдун штаб-квартирасы Женева шаарында (Швейцария) жайгашкан. Дүйнө боюнча ВОЗдун региондук 6 офиси бар. Европа регионуна 52 мамлекет мүчө. ВОЗдун жогорку органы Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, анын сессиясы жыл сайын чакырылат. ВОЗ жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар (туберкулёз, венера жана мите оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, зыяндуу шишиктер жана башка) менен күрөшөт, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө саламаттык сактоо кызматын түзүүгө жана кайра уюштурууга, медициналык кадрларды даярдоого жана билимин өркүндөтүүгө жардам берет. ВОЗ бактериялык жана химиялык куралдарды колдонбоо, кишини атом радиациясынан коргоо, онкологиялык изилдөөлөр боюнча узак убакыт кызматташуу, ИЖОСко (СПИДге) каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзөт. ВОЗдун милдеттерине дары каражаттарынын Эл аралык стандартын белгилөө, дарылардын сапатын, кошумча таасирлерин көзөмөлдөө, баңгиликке Эл аралык көзөмөл жүргүзүү, оорулардын Эл аралык классификациясын кайрадан карап чыгуу; мед. илимдердин негизги проблемалары боюнча изилдөөлөрдү жана саламаттык сактоонун маанилүү маселелерин координациялоо жана башка кирет. Андан тышкары Эл аралык карантин иш-чараларын жүргүзөт: чечек, чума, холера, сары лихорадка оорулары чыкканда токтоосуз Эл аралык маалымат берет, Эл аралык санит. эрежелерди иштеп чыгып, ал эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Журнал, бюллетень чыгарып турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы кабыл алган чечекти жоготуу программасын ишке ашыруу 1976-жылдан бүт Жер шарында чечектин жоголушуна алып келди. Кыргызстан 1992-жылдан ВОЗдун Европа Региондук Бюросуна мүчө. 1994-ж. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо «Манас» программасын, туберкулёзго каршы DOTS стратегиясын иштеп чыгып киргизген. ВОЗ Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, дары-дармек саясатын, АПЖВ/ИЖОС, туберкулёз, безгекке каршы жана башка программаларды каржылайт Ошондой эле ВОЗ улуттук адистерди даярдоого да чоң көңүл буруп, кыска жана узак мөөнөттүү Эл аралык курстарды уюштурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]