ВКП(б)нин Кыргыз Областтык бешинчи конференциясы

Википедия дан

ВКП(б)нин Кыргыз Областтык бешинчи конференциясы - 1929-ж. 15—25-январда Фрунзе шаарыннда өткөн.

Ага партиянын 3141 мүчөсүнөн жана 2819 мүчөлүгүнө кандидаты­нан чечүүчү добуш менен 100 жана кеңеш берүүчү добуш менен 38 делегат катышкан. Конференцияда ВКП(б) БКнын Орто Азия Бюросунун, ВКП(б) обл. ко­митетинин, текшерүү комиссиясынын, обл. контроль комлссиясынын отчёттору, кооперациялык курулуштун милдеттери, кедейдер менен иш жүргүзүү, аялдарды азаттыкка чыгаруу жөнүндөгү маселелер талкууланып, обл. комитеттин жаңы составы шапланган. Отчёттук доклад боюнча резолюцияда обком­дун саясий жолу туура, иши канааттандырарлык деп табылган; парт, ку­рулуш боюнча 1930-жылдын акырьша чейин парт, уюмда жумушчулар м-н батрактардын санын 50%ке чейин жеткирүү, парт, уюмдарды тап душмандарынан жана бюрократташкан элементтерден тазалоо жагы каралган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.