Вавилов мыйзамы
Вавилов мыйзамы ― люминесценциянын кванттык чыгышынын дүүлүктүрүүчү жарыктын толкун узундугуна көз карандылыгын аныктоочу мыйзам.
Эгер дүүлүктүрүүчү жарык толкунунун узундугу люминесценциянын максимум спектринин толкун узундугунан чоц болсо, люминесценциянын кванттык чыгышы өтө тез азаят. Бул кубулуш жарыктын квант теориясы боюнча люминесценция кезинде чыккан жарык квантынын саны жутулган жарык квантынын санына түз пропорциялаш экендигин көрсөтөт.
Вавилов мыйзамы люминесценция берүүчү суюк жана катуу эритмелер, молекулалык кристаллдар жана жарыктын активатору жуткан кристаллофосфорлорго да колдонулат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.