Вальтер Гропиус

Википедия дан
Вальтер Гропиус, 1919.

Гропиус Вальтер (18. 5. 1883—5. 7. 1969) — немис архитектору жана архитектура теоретиги.

Мюнхен менен Берлиндеги Жогорку тех. мектептен окуган (1903—07).

Чыгармачылыгынын өсүшүнө П. Беренстин таасири тийген. 1918-ж. Веймардагы Колдонмо жана сүрөт өнөр мектебин башкарган. 1937—52-ж. Кембриждеги (АКШ) Гарвард университетинин архитектура бөлүмүнүн проф. (1938-жылдан жетекчи). Функционализмге негиз салгандардын бири. Архитектуранын рационалисттик принциптерин иштеп чыккан. Гропиус бир катар маанилүү курулуш, имараттарды долбоорлогон жана курдурган: Альфельдедеги «Фагус» бут кийим фабрикасы (1911, А. Мейер менен бирге), Дессаудагы «Баухауз» имараты (1925—26), Улуу Британиядагы Импингтон кыштак коллежи (1936—39, М. Фрай менен бирге), АКШдагы Питсбургга жакын жердеги Нью-Кенсингтон өнөр жай посёлкасы (1941, М. Брёйер менен бирге), АКШ посолствосунун Афиныдагы имараты (1957—61).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.