Валюта кризиси
Көрүнүш
Валюта кризиси - капитализмдин акча-кредит системасынын кризиси.
- Ал айрым капит. өлкөлөрдү, ошондой эле эл аралык эсептешүүнү кучагына алат да, акчанын алтын стандарты бүлүнүп, күнү кеткен кагаз акча пайдаланылат.
- Валюта кризиси жалпы жана айрым болуп бөлүнөт. Жалпы Валюта кризиси узакка созулат. Мында дүйнөлүк капит. валюта системасы жаңырат.
- Ал 1914—18-жылдагы 1-дүйн. согушка чейин дүйнөлүк рыноктун составдуу бөлүгү катары өөрчүсө, капитализмдин жалпы кризиси мезгилинде начарлайт.
- Жалпы Валюта кризиси тушунда алтыидын акчалык металл катары ролу төмөндөп, валютанын куну кетет.
- Жеке Валюта кризиси — капит. бир өлкөнүн Валюта кризиси Ал экономикалык жалпы кризис, согуш, инфляция ж. б. себептердин натыйжасында пайда болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.