Валюта системасы

Википедия дан

Валюта системасы — 1) эл аралык акча мамилелерин уюштуруу формасы; 2) дүйнөлүк акчанын иштөө чөйрөсү. Валюта системасы төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) ички акча-кредит жүгүртүүсүн; 2) эл аралык эсептешүү чөйрөсүн. Валюта системасы адегенде улуттук чарба чегинде калыптанат. Дүйнөлүк капиталисттик рыноктун түзүлүшү дүйнөлүк валюта системасы. генезисине өбөлгө болду. Эл аралык төлөмдөр боюнча эсептешүү каражаты катары колдонулган, улуттук валюталардын алмашуусун камсыз кылган алтын валюта системасынын негизи болуп эсептелген. Дүйнөлүк валюта системасы үчүн алтын стандарты мезгилинде төмөнкү белгилер мүнөздүү болгон: а) алтын монополиялуу түрдө эл аралык төлөм баланстары боюнча эсептешүүлөр каражаттарынын милдетин аткарган; б) эл аралык эсептешүүлөрдүн кредиттик куралдары төлөм каражаттары катары өтө чектелүү пайдаланылган; в) эсептешүүлөрдүн кредиттик куралдарын алтынга алмашуу эркин жүргүзүлгөн; г) валюта курсу улуттук акча бирдиктеринин алтын паритетинин негизинде белгиленген жана туруктуу болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде алтын стандарты кыйрап, Экинчи дүйнөлүк согуштун акырында (1944-жылы, июль) алтын валюта стандарты киргизилген, анын негизги принциптери Бреттон-Вуд макулдашуусунда (АКШ) белгиленген. Ага ылайык алтын, АКШ доллары, Англиянын фунт стерлинги эл аралык эсептешүүлөрдүн негизги куралы болуп калды. Бирок 1970-жылдары Бреттон-Вуд валюта системасы кыйраган. Жаңы эл аралык валюта системасы 1976-жылы январда Ямайка макулдашуусу менен түзүлгөн. Валюта стандарты алтын валюта стандартынан төмөнкү элементтери менен айырмаланат: а) алтындын расмий баасы алып салынган; б) «сүзүп жүрмө» курс системасы киргизилген; в) негизги валюталардын бир нечеси системанын негизи болуп калды; г) СДР ( «өздөштүрүүнүн атайын укугу») маанилүү орунду ээледи.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]