Вахдат Аль-Вуджуд
Көрүнүш
Вахдат Аль-Вуджуд (арабча“болмуштун бирдиктүүлүгү”) – дүйнөнүн бирдиктүүлүгү, биримдиги жөнүндөгү араб-мусулман философиясынын окуусу.
Ал дүйнөнүн жаралуу процессин бир катар баскычтарга бөлүп карайт. Вахдат Аль Вуджуддун окуусунун өзөгүн реалдуулуктун эки уюлу, башкача айтканда дүйнөнү жаратуучу күч-кудай жана дене субстанциясы жөнүндөгү идея түзөт. Бул боюнча кудай өзүнчө жашап, алгачкы акыл-эсти, асман жандарын, ар кыл формаларды жарата берет. Вахдат Аль Вуджуддун идеясы, эң оболу, суфизмде кеңири иштелип, өнүктүрүлгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8