Веб-сервер

Википедия дан

Веб-сервер (англ. Web server) - бул клиенттерден, адатта веб-браузерлерден HTTP-сурамдарды кабыл алып жана аларга HTTP-жоопторду, адатта HTML-баракчалар менен бирге сүрөттөлүштөр, үндөр, файлдар же башка маалыматтарды берүүчү аппараттык (компьютер) же програмдык камсыздоо (компьютер програмы). Башкача айтканда сизге браузерди колдонуу менен бүткүл дүйнөлүк желеге саякат жасоого, азыр сиз көрүп жатканыңыздай веб-барактарды көрүүгө мүмкүндүк берген програм. Веб-серверлер - Бүткүл дүйнөлүк желенин негизи болуп эсептелет.

Веб-сервер деп анын иштөөсүн жүзөгө ашырган програмдык камсыздоону, ошондой эле тигил програмдык камсыздоо иштеп жаткан аппараттык жабдууну (комьютер) да атап коюшат. Анткени бул экөө тикеден-тике байланышта жана ажыратылгыс түрдө иштегенде гана клиенттердин сурамдарына жооп бере алышат. Бул болсо веб-серверлердин негизги милтети.

Көбүнчө клиент болуп саналган веб-браузер, ресурстарды алуу үчүн веб-серверге[1] URL-даректери менен туюнтулган сурамдарды жиберет. Ресуртар - бул клиентке керек болгон HTML-барактар, сүрөттөлүштөр, файлдар же ушул сыяктуу башка маалыматтар. Андан соң веб-сервер жооп иретинде, суралган маалыматтарды клиентке жиберет. Бул алмашуу HTTP протоколу боюнча жүргүзүлөт.


Кошумча милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Веб-серверлер жогоруда биз сөз кылган иштерден бөлөк кошумча милдеттерди аткарышы да мүмкүн. Мисалы:

  • Веб-барактардын иштөөсүн автоматташтыруу
  • Клиенттердин ресурстарга кайрылуу журналын алып баруу
  • Колдонуучулардын ишенимдүүлүгүн тастыктоо жана аларга уруксат берүү
  • Клиент менен коопсуз байланышууну камсыздоо үчүн HTTPS протоколун колдоо

Програмдык камсыздоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011 - жылдын август айындагы жыйынтыктар боюнча UNIX операциялык системдеринде көбүрөөк колдонулуучу, веб-серверлер базарынын 65% пайызын ээлеген жана эң кеңири жайылган эркин веб-сервер - Apache эсептелген.

Кээбир белгилүү веб-серверлер:

  • IIS - Microsoft компаниясына таандык, Windows сервердик операциялык системдер үйбүлөсү менен кошо таратылат;
  • nginx — 2002 - Игорем Сысоев тарабынан иштелип чыгарылган эркин веб-сервер;
  • lighttpd — эркин веб-сервер;
  • Google Web ServerApache ге негизделген жана Google компаниясы тарабынан иштелип бүтүрүлгөн веб-сервер.
  • Resin - эркин тиркеме веб-сервери
  • Rootage — java да жазылган веб-сервер
  • THTTPD — жөнөкөй, чакан, коопсуз жана ыкчам веб-сервер

Клиенттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Веб-серверге кайрылуу үчүн клиент катары ар түрдүү програмдар жана аппараттар колдонулушу мүмкүн. Мисалы:

  • веб-браузер, клиент менен веб-сервердин ортосундагы байланышты камсыз кылуу үчүн жеке компьютерлерде же көчмө түзүлмөлөрдө иштетилет;
  • ар түрдүү програмдар, жаңыртууларын же башка маалыматтарды алуу үчүн веб-серверлерге өз алдынча кайрыла алгандар. (мисалы. антивирус кез-кези менен белгилүү бир веб-серверлерден өзүнүн маалымат базасынын жаңыртууларын сурап турат.
  • уюлдук телефон - веб-серверлердеги ресурстарга WAP протоколу боюнча жетүү мүмкүнчүлүнө ээ
  • жана башка санариптик же техникалык түзүлүштөр

Кокустук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кырсыгына ар кандай түрлөрү менен келип: Кырсыктар электр энергиясы менен маалымат жүрүш тармагына ашыкча ысып, үзгүлтүккө үчүн. Бардык эле кырсык кардар жабдуулар, кошумча иштетүү тутумунун жана башка программалык obechpecheniya менен жергиликтүү болушу мүмкүн.[2]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Cервер мейкиндигин ижарага алуу
  2. Servers кыйроону канчалык көп пайда алабыз?

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Netcraft - дүйнө жүзүндө колдонулган веб-серверлер боюнча аныктамалар жана статистикалар