Браузер

Wikipedia дан

Веб-барактагыч, бра́узер (англ. Web browser) — веб-сайттарды көрүү үчүн програмдык жабдуу (ПЖ), б.а. браузер Тармактан алынган веб-барактарды карап чыгуу жана иштетүү, бир барактан экинчисине өтүү үчүн кызмат кылат. Азыркы көпчүлүк веб-барактагычтар FTP-серверлеринен файлдарды жүктөй алышат.

Браузерлер Дүйнөлүк жөргөмүш желеси пайда болгондон баштап өнүгүп келишкен, кийин Тармак кеңейген сайын компьютердеги эң зарыл программалардан болуп калышты. Азыр браузер — веб-барактардын тутумундагыларды иштетүү жана чыгаруу үчүн комплекстүү тиркеме (приложение) жана веб-сайт менен кардардын ортосундагы интерфейсти камсыздоочу. Бардык популярдуу браузерлер акысыз таратылат же башка тиркемелер менен бирге сунуш этилет. Мисалы, Internet Explorer (Windows менен бирге), Mozilla Firefox (көпчүлүк Linux дистрибутивдери менен бирге, мисалы Ubuntu, Safari (Mac OS X менен бирге жана Microsoft Windows үчүн акысыз), Google Chrome (акысыз) Opera (8.50 версиясынан баштап бекер), Avant (бекер).

Өнүгүү тарыхы[оңдоо]

Графикалык интерфейси бар алгачкы кеңири таралган браузер болуп NCSA Mosaic эсептелет. Бул браузер кемчиликтерден куру эмес болучу, бирок аны негиз катары алып, башка браузерлер (Netscape Navigator и Internet Explorer) түзүлөт. Netscape Navigator браузерин түзүлгөн кезде бул кемчиликтер четтетилет. Анткени, Netscape компаниясынын айрым кызматкерлери мурда NCSA компаниясында иштешкен жана Mosaic браузерин түзүүгө катышышкан.

Netscape Navigator браузери ар кандай операциялык системалар (UNIX, Windows, Mac OS) үчүн түзүлгөндүктөн, Netscape компаниясы ийгиликтерге жетишти. Бул болсо Microsoft компаниясына да өзүнүн Internet Explorer (IE) деген браузерин иштеп чыгууга түрткү берген.

Netscape ден айырмаланып Microsoft дароо IE нин локалдашкан версияларын жаратты. В 1995-жылы Microsoft Windows 95 операциялык системасын чыгарды, бул ОС тун чиркелген браузери болгон эмес, бирок кийин жаңыртылган Windows 95 OSR2 версиясында Internet Explorer 3.0 браузери кошулган болуучу. Ошол эле учурда, Microsoft өз браузерине HTML тилинин стандарттары менен туура келишпеген версиясын коюп койгон. Так ушул факт браузерлер чырын (война браузеров) баштады, натыйжада Microsoft компаниясы браузерлер базарынын 95 % ын ээлеп калды.

Базардан айрылган Netscape компаниясынын кирешеси төмөндөп, аны AOL сатып алды. Netscape тин браузеринин баштапкы коду MPL (Mozilla Public License) деген эркин лицензия менен чыгарылган болучу. «Mozilla» деген ат Netscape тин браузеринде адегенде эле болгон жана Mosaic+killer деген сөздөрдөн куралган эле. Бирок, бул код эми пайдаланылбастан, анын ордуна жаңы Netscape 6 компаниясында стандарттарды толук колдоп турууга эсептелген, жаңы кыймылдаткыч (Gecko) түзүлдү. Кийин мунун негизинде бир комплектиге кирген Mozilla Suite браузер, почталык клиент жана irc-клиент, веб-барактардын редактору түзүлгөн.

Кийин Mozilla Foundation компаниясында браузерди жалпы пакеттен бөлүп берүү жана өнүктүрүү чечиминин негизинде Mozilla Firefox долбоору пайда болду. Firefox браузери IE жана башка браузерлерде болбогон көп мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт жана акырындап популярдуу боло баштады.

IE браузери базарды жалгыз ээлеп калгандан кийин Microsoft компаниясы браузерди 4-дөн 6-версиясына чейин такыр жакшыртпай койду. Бирок, 7-версиясынан баштап IE жакшыртыла (таб-закладкалар кошулду, стандарттарды колдоо оңолду, ылдамдыгы жогорулады жана интерфейси жакшыртылды) баштады. 19-март 2009-жылы компания Internet Explorer дин 8-версиясын, ал эми 2011-жылдын 14-мартында 9-версиясын чыгарды. Компания Internet Explorer ди Яндекс, Mail.ru жана Рамблер компаниялары менен бирге базарда активдүү жылдырып жатат

1995-жылы Opera браузери пайда болду. Адегенде Opera шарттуу-акысыз програмдык жабдуу ((shareware)) катары сунуш этилген, ошондуктан ал дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө анча барксыз болгону менен КМШ өлкөлөрүндө жакшы эле популярдуулукка жетишти. 2005-жылдан баштап Opera дагы акысыз таратыла баштады.

Браузерлер чырынын жүрүшүндө компаниялар браузерлерге атайын, стандарттуу эмес мүмкүндүктөрдү кошумчалап турушту. Мисалы, документтерге интерактивдүүлүк берүүчү JavaScript деген сценарий тилин колдонууда көп айырмачылыктар пайда болду. Натыйжада көп сайттар браузерлердин биринде жакшы иштешсе, экинчисинде начар иштеп калышты.

Microsoft компаниясы Internet Explorer 8 браузеринде адегенде HTML-комментарий киргизүүнү сунуштаган: бул учурда браузерлерге кыймылдаткычтардын кайсы версиясын пайдалануу көрсөтүлүп турмак ( DOCTYPE деген бөрк аз пайдаланылат деп алып ташталмак). Бирок, мындай учурда стандарттарды пайдалануу тууралуу көрсөтмө берилбегендиктен, буга стандарт жактоочулар макул болушкан жок. Кийинчерээк IE8 де «тутумдаштык режиминин» (англ. quirks mode) ордуна «стандарттар режими» (англ. standards mode) унчукпай колдонула берет, ал эми тиешелүү комментарий учурунда мурдагы версия имитацияланат дешти.

2008-жылы Google компаниясы да браузерлер базарындагы конкуренцияга «жардам» катары, эркин Chromium долбооруна негизделген Chrome деген өз браузерин чыгарды. Chrome браузеринде кээ бир жаңылыктар бар (үзүлмөлөрдү изоляциялоо, «инкогнито» режими ж.у.с.). Windows XP, Windows Vista, Windows 7, Linux жана Mac OS операциялык системалары үчүн версиялар түзүлдү.

2009-жылы Microsoft компаниясы Gazelle деген жаңы браузер түзөрүн жарыялаган. Жаңы браузер, көп кардарлуу операциялык системаларга мүнөздүү болгон ресурстарды бөлүп колдонуу принциптерин пайдаланмакчы. Microsoftтун оюнча бул жаңы браузердин коопсуздугун арттырмакчы.

Кеңири таралган браузерлер[оңдоо]

Популярдуулар Internet Explorer, Mozilla Firefox, Google Chrome, Opera, Safari
Аз таралгандар Lunascape, Sleipnir, CoolNovo, SRWare Iron, Chromium, Mozilla, Netscape Navigator, Flock, Maxthon, Konqueror, SeaMonkey, GreenBrowser, Avant Browser, AOL Explorer, Galeon, Epiphany, Kazehakase, Charon, Arachne, Links2, SlimBrowser, FastIE, MyBrowser, Dillo, K-Meleon, Arora, RockMelt, WallTriX, Midori
Текстовые Alynx, ELinks<, Links, Lynx, Netrik, w3m, WebbIE, DOSLynx
Көчмө Компьютерлер үчүн Internet Explorer Mobile, Mozilla Fennec, Opera Mobile, Opera Mini, Safari для iPhone, Maxthon Mobile

Таралуу географиясы[оңдоо]

Россияда 2009-жылдын январынан ошол жылдын сентябрынын аягына чейин 1-орунду Opera (36-40 %) ээлеп келди, андан кийин чукул төмөндөдү, декабрдын башында Opera кайра алдыга чыкты, бирок кийин алдыга Firefox өттү. Ошондой эле, Россияда LiveInternet.ru. да жаман эмес. Opera Украинада, Грузияда, Казахстанда жана Өзбекстанда, деги эле КМШ өлкөлөрүндө алдыда. Mozilla Firefox болсо Индонезияда (80 %), Германияда (жарымынан ашык), Чыгыш Европада, Африканын жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө алдыңкы орунду бербей келет.

Түштүк Кореяда 2007—2008-жылдарда 99 % кардарлар Microsoft Windows иштетүү тутумундагы Internet Explorer ди колдонуп келишкен, анткени бардык банк жана өкмөт сайттары мыйзам боюнча ActiveX колдонууну милдеттендиришкен эле (бул мийзам 2010-жылдын июнунда алынган). Кытайда болсо кардарлардын 90% ы Internet Explorer ди колдонот, Бул өлкөдө мындан башка Maxthon браузери да популярдуу.

Chrome браузери жаш экенине карабай 2010-жылы Тунис жана Албания өлкөлөрүндө биринчи орунга жете алды, 2011-жылдын март айында Филиппин жана Арменияда, 2011-жылдын апрелинде Черногория, Уругвай жана Доминикан республикасында, 2011-жылдын май айында Чили, Ямайка жана Молдавада, 2011-жылдын июнунда Пакистан жана Малазияда, ушул эле жылдын июль айында Аргентина, Венесуэла, Колумбия жана Мавританияда, 2012-жылдын февраль айында Россияда биринчи орунду камсыз кылды.


Эскертүүлөр[оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо]