Венгрия-Югославия келишими

Википедия дан

Венгрия-Югославия келишими — туруктуу тынчтык жана түбөлүк достук жөнүндө Германиянын кубаттоосу менен 1940-жылдын 12-декабрында Белградда Венгрия менен Югославия королдуктарынын орто­сунда түзүлгөн келишим.

Келишимге Венгрия­нын тышкы иштер министри И. Чаки менен Югославиянын тышкы иштер министри А. Цинцар-Маркович кол коюп, ал 1941-жылдын башында бекитилди. Тараптар өз ара тынчтыкты жанa достукту колдоого, эки мамлекеттин таламдарына тиешелүү бардык маселелер боюнча кеңешип турууга милдеттенишкен.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.