Вертолет кыймылдаткычы

Википедия дан

Вертолет кыйылдаткычы - вертолёттун бир же бир нече алып жүрүүчү винтин жүргүзүүчү авиац. кыймылдаткыч.

Вертолет кыймылдаткычы поршендүү жанаа аба-реактивдуу кыймылдаткыч болот. Вертолёт учуй көтөрүлөрдө жана конордо кубаттуулукту жогорулатуу үчүн ракета кыймылдаткычы да пайдаланылат. Кээ бир вертолёттордо самолёттун бир валдуу турбовинттүү кыймылдаткычы колдонулуп келген, бирок анын ордуна көп кыймылдаткычтуу вертолёттордо эки валдуу турбовинттуу кыймылдаткыч пайдаланылып жатат. Бул кыймылдаткыч вертолёттун күч берүүчү установкасынын жакшы жана ишенимдүү иштешип камсыз кылат. Алып жүрүүчү винтке реактивдүү жүргүзгүч да колдонулушу мүмкүн. Бул учурда айландыруучу күч оор жана татаал трансмиссиясыз тике эле алып жүрүүчү винттин калактарына берилет. Ал күчтү винттин калактарына орнотулган автономиялуу реактнвдүү кыймылдаткычтар же калактардын учтарына орнотулган сопло тешиктеринен атылып чыккан газдын (кысылган абанын) агымы пайда кылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.