Азия айы 2024 – Азияга тиешелүү темаларда макалаларды жазууга жана жакшыртууга арналган вики-марафон. Бул вики-марафон 2015-жылдан бери ноябрь жана декабрь айларында өткөрүлүп турат. Википедиянын каалаган бөлүмүнөн каалаган катышуучу катыша алат.
Кыргыз Википедиясында Азия айы вики-марафону 2024-жылдын 30-ноябрынан 30-декабрына (UTC убактысы боюнча) чейин болуп өтөт. Бул вики-марафондун максаты Кыргызстандан башка Азия өлкөлөрү тууралуу макалалардын санын жана сапатын жакшыртуу болуп саналат. Википедиянын азиялык жамааттары ортосундагы достуктун символу катары, критерийлерге жооп берген макалаларга жана кеминде 4 макаланы түзгөн ар бир катышуучу Википедия Азия айы колдонуучулар тобунан атайын иштелип чыккан Barnstar алууга мүмкүнчүлүгү болот.
Кыскача: Азия жөнүндө жаңы макалаларды түзүү же бар макалаларды жакшыртуу, макалалардын сапаты мыкты болушу керек, макала 3000 байттан кем эмес тексттен жана эң аз дегенде 300 сөздөн турат, макала 1-31-декабрга чейин түзүлгөн болушу керек.
Катталган бардык катышуучулар марафонго катыша алат (катталуу убактысы маанилүү эмес).
Сиздин 3000 байттан кем эмес текст 1–31-декабрда сиз тарабынан жазылган болушу керек.
3000 байттан кем эмес жаңы текстти камтыган же толукталган макалалар кабыл алынат.
Макала белгилүүлүк критерийлерине жооп бериши керек.
Макала татыктуу шилтемелерди камтууга тийиш; макаладагы шектүү же талаштуу билдирүүлөр ошол макалада келтирилген цитата(лар) менен текшерилүүгө тийиш.
Макала машиналык түрдө которулган эмес жана татыктуу тил стилине ээ болушу керек.
Макалада эч кандай маселе (тегдер) болбошу керек.
Макала бул тизме эмес.
Википедиянын кыргызча бөлүмүндө Азия айында Кыргызстан тууралуу макалалар эске алынбайт, анткени бул вики-марафон катышуучулардын жашаган өлкөсүнөн Азиянын башка өлкөлөрү жөнүндө макала жазууга үндөйт.
Уюштуруучу тарабынан жазылган макалалар башка уюштуруучулар тарабынан текшерилиши керек.
Эскертүү: Жергиликтүү Wikipediaдагы адам жюри(лер) макаланын кабыл алынган же кабыл алынбагандыгын аныктайт.