Википедия:Мазмун нааразы кылышы мүмкүн

Википедия дан
ВИКИПЕДИЯНЫН МАЗМУНУ НААРАЗЫ КЫЛЫШЫ МҮМКҮН
Энциклопедия катары Википедияда ар түркүн темалардагы миллиондогон макалалар бар. Ушул темалардын бир аз бөлүгү гана мамлекеттин же коомдун (билим берүү тутумунун, ата-энелердин ж.б.) цензурасынан өтөт.
  • Википедиянын кээ бир макалалары айрым окурмандар үчүн ыплас же адепсиз түшүнүктөрдү чагылдырышы мүмкүн.
  • Макалаларда айрым маданияттар коргой турган нерселердин аудио, визуалдык же жазуу жүзүндөгү сыпаттамалары камтылышы мүмкүн.
  • Википедияда ар кандай сүрөттөр жана видеолор бар, алардын айрымдары айрым окурмандар үчүн орунсуз же адепсиз болушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир макалаларда зордук-зомбулук, адамдын анатомиясы же жыныстык катнаштар чагылдырылышы мүмкүн.
  • Көптөгөн макалаларда талаш-тартыштуу темалар ачык-айкын талкууланат. Кээ бир өлкөлөрдүн мыйзамдары айрым темалардагы материалдарды жарыялаган же көргөн адамды жазык жоопкерчилигине тартат. Башка макалаларда кооптуу же опурталдуу аракеттер тууралуу маалымат камтылат («Википедия:Жоопкерчиликтен баш тартуу» жана «Википедия:Өз тобокелге салып колдонуу» дегендерди караңыз).
  • Википедияда спойлерлер бар.
  • Википедияда, катуу стресске кабылгандан кийин психикасына доо кеткен адамдардын абалын начарлатуучу дүүлүктүргүчтөр болушу мүмкүн.
  • Википедияда талма туткагын козгошу мүмкүн сүрөттөр менен видеолор болушу мүмкүн.
  • Википедияга каалаган адам салым кошо ала тургандыктан, Википедияда «вандализм» сыяктуу бүлүндүрүүчү көрүнүштөр болушу мүмкүн.

Википедиянын учурдагы саясаты боюнча материал Википедиянын эрежелерин жана Википедиянын серверлери жайгашкан Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамын бузбаса гана, каалаган материалдарды жарыялоого болот. Аталган макалалардын биринде да эскертме жок.

Эмнеси болсо да, Википедия такай өнүгүп жаткандыктан, көп макалаларда каталар бар, бир тараптуу жазылышы, кайталанышы мүмкүн же жөн гана жакшыртылышы керек. Окурмандарыбызды мындай көйгөйлөрдү жоюуга көмөктөшүүгө чакырабыз. Макалалардын басымдуу көпчүлүгү негизинен же жалаң гана тийиштүү жаатта адистиги болбогон же тийиштүү жаатта академиялык билими жок адамдар тарабынан жазылат.

Википедияда кадимки энциклопедияда камтылбаган анча белгилүү эмес маалыматтар камтылууда. Википедиядагы мазмуну анын ыктыярдуу түзөтүүчүлөрүнүн кызыкканына негизделет. Окурмандар тигил же бул теманын маанилүүлүгүн Википедияда чагылдырылганына карап баалабашы керек.