Википедия:Юридикалык кеңештер берилбейт

Википедия дан
ВИКИПЕДИЯ ЮРИДИКАЛЫК КЕҢЕШТЕРДИ БЕРБЕЙТ
Википедияда укук жаатындагы темалар боюнча көптөгөн макалалар жазылганы менен, алардын тактыгына кепилдик берилбейт. Макаладагы укуктук маселелерге тийиштүү кандайдыр бир сүйлөм юридикалык жактан так, туура же анык деп толук ишеним менен айтууга болбойт. Ар кайсы жердин мыйзамдары ар кандай жана такай өзгөрүп турат — кээде көз ачып жумгуча. Кандайдыр бир укуктук кеп туура болгону менен, ал ошол маалыматты жайгаштырган адам турган жерде гана туура болушу мүмкүн. Ошондой эле укук Википедияда жарыялангандан кийин тийиштүү органдар тарабынан өзгөрүлүп же жокко чыгарылышы мүмкүн.

Википедиядагы юридикалык маалымат жалпы мүнөзгө гана ээ болуп, аны атайын лицензиясы бар кесипкөй адистин кеңешин же тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын расмий көрсөтмөлөрүн алмаштыра албайт. Көйгөйүңүз жаралса тиешелүү юридикалык жардам көрсөтүүчү адаистерге же уюмдарга кайрылыңыз.

Википедиянын бир дагы автору, администратору, иштеп чыгуучусу, демөөрчүсү же Википедияга тиешеси бар бир дагы адам ушул сайтта жайгашкан маалыматты колдонууга аракет кылуунун же колдонуунун натыйжасына же кесепетине жооп бербейт.

Викимедиа фондунун wikipedia.org же башка долбоорунда жайгашкан бир дагы маалымат юридикалык кеңеш берүү, расмий текст сунуштоо, расмий документтерди чечмелөө же кандайдыр бир башка жол менен юридикалык кызмат көрсөтүү аракети катары чечмеленбеши керек.