Википедия:Портал:Тарых илими

Википедия дан

Жаштарга гуманитардык билим берүү маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Анткени ал жеке адамдын интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө түрткү берип, анын чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Тарых илими байыртадан эле гуманитардык илимдердин маанилүү тармагы катары эсептелет.

Тарых – адам коомунун өткөндөгүсү жана азыркы учуру, коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик-убакыт өлчөмдөрүндө өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Тарыхтын мазмунун адамзат турмушундагы өзгөрүүлөр, сакталып калган тарыхый эстеликтер менен булактардагы маалыматтар түзөт. Алар аркылуу элдердин, мамлекеттердин чарбасын, ички жана тышкы коомдук турмушун, тарыхый инсандардын ишмердиктерин билебиз.

Тарых өзү окута турган объекттин көлөмү боюнча дүйнө тарыхы (бүткүл дүйнөлүк же жалпы тарых), континенттердин (мисалы, Азия жана Африка тарыхы), айрым бир өлкөлөрдүн, элдердин же элдердин тобунун тарыхы (мисалы, Кыргызстан тарыхы, Россия Федерациясынын тарыхы ж.б.) болуп бөлүнөт.

Тарых азыркы адамзатка кызмат кылып жаткан илимдин дүйнөдөгү эки миңдей тармактарынын ичинен эң байыркысы, нарктуусу жана барктуусу. ЮНЕСКОнун рейтинг таблицасында тарых азыркы илимдердин ичинде төртүнчү орунда турат. Тарых илимдин башка тармактары өзгөчө философия, социология, саясат таануу, психология, укук таануу, адабият таануу, экономика теориясы, ал тургай физика, математика, астрономия, биология өңдөнгөн табигый илимдер менен да тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок алардан айырмаланып, тарых коомдун өнүгүү процесстеринин ар кыл жактарын бир тутумда карап, коомдук турмуштун бардык жактарын (экономиканы, саясатты, маданиятты, турмуш-тиричиликти ж. б.) бири-бири менен байланышта талдайт. Илимдин азыркы кездеги тармактары адам коомунун өнүгүшүндө өздөрүнүн тарыхына ээ. Ошондуктан илимдин жана искусствонун бардык тармактарынын (физиканын, музыканын, астрономиянын, кинонун ж. б.) өздөрүнүн тарыхы бар. Тарых менен башка илимдердин ортосунан тарыхый география, тарыхый геология сыяктуу тармак аралык илимдер калыптанып өнүгүүдө.

Тарыхый таанып-билүүнүн функциялары.

Тарых бир катар социалдык функцияларды аткарат. Алар:

1. Таанып-билүүчүлүк функцияны аткарат. Анткени тарыхты окуган адам элдердин, мамлекеттердин өнүгүшүн объективдүү чындыктын негизинде үйрөнүп, адамзат тарыхы боюнча өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин байытат.

2. Саясий-практикалык функцияны аткарат. Себеби бул илим тарыхый фактыларды теориялык жактан терең талдоо менен, коомдун өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктайт. Бул илимий негиздеги саясий багытты аныктоого, субъективдүү чечимдерден оолак болууга өбөлгө түзөт.

3. Дүйнө таануучулук функцияны аткарат. Тарых өткөндөгү тарыхый маанилүү окуялар, тарыхтын өнүгүшүнө салым кошкон инсандар, ойчулдар жөнүндө документалдуу повесттерди жаратат. Тарых түзгөн объективдүү чындык – окуучунун дүйнөгө, коомго, анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө терең түшүнгөн илимий көз карашынын калыптанышына жардам берет. Тарыхты изилдөөдө жана үйрөнүүдө фактылардын ролу өтө зор. Коом жөнүндөгү илим фактыларга таянат. Фактылар тарых илиминин пайдубалын түзөт. Тарыхый жыйынтыктар илимий негизде болушу үчүн тигил же бул тарыхый процесс, окуя боюнча бардык фактыларды чогултуу, аларды терең талдоо зарыл. Ошондо гана объективдүү тыянакка келип, таанып-билүүнүн илимий негиздүүлүгүн камсыз кылууга болот.

4. Тарбиялык функцияны аткарат. Бардык элдердин тарыхын, жалпы тарыхты билүү адамдын жарандык мүнөздөмөлөрүн – патриоттуулук жана интернационалдык сапаттарын калыптандырат; коомдук өнүгүүдөгү элдердин, айрым жарандардын ролун аныктайт; адамзаттын адеп-ахлактык эрежелерин аңдап билүүгө мүмкүндүк берет; адамдык абийир, коом алдындагы милдет өңдүү дөөлөттөрдү баалоого, коомдогу жана адамдардагы жакшы-жаман сапаттарды ажыратууга, билүүгө, жакшы эмес сапаттардын коомго, адамдардын тагдырына тийгизген кесепет-кейирин аңдай алууга мүмкүндүк берет.

Улуу Конфуций: «Келечекти аңдап билүү үчүн өткөн тарыхты үйрөнгүлө», - деген. Анткени тарыхты үйрөнүү тарыхый түшүнүктөр менен ой жүгүртүүгө, коомду тынымсыз өнүгүүдө кароого, учурдагы коомдук турмушту өткөн мезгил, доор менен салыштырып баалоого, келечекке илимий негизде көз жүгүртүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Учурду, өткөн турмушту жана келечекти, тарыхый биримдикте, хронологиялык жана диалектикалык байланышта кароо – тарых илиминин эң негизги милдети.

Тарыхты изилдөө жана үйрөнүү ыкмалары – башкы маселелерден. Мындан эки миң жылдай мурун эле тарыхый ой жүгүртүүдө эки негизги багыт пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин тирешип, талашып, өнүгүп, жашап келүүдө. Алар: тарыхты идеалисттик жана материалисттик түшүнүү.

Тарыхты идеалисттик түшүнүү концепциясын жактоочулар материя менен жаратылышка караганда рух менен аң-сезим биринчи жана маанилүү деп эсептешет. Ушуга байланыштуу алар тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүн жана мүнөзүн адамдардын руху жана аң-сезими аныктайт, ал эми экономикадагы ж. б. чөйрөдөгү процесстер экинчи орунда туруп, рухка баш иет дешет. Ошентип идеалисттер тарыхый процесстин негизин адамдардын руханий адеп-ахлактык деңгээли аныктайт, адам коомун адамдар өздөрү өнүктүрөт, ал эми адамдарга андай жөндөмдүүлүктү Кудай берген деп эсептешет.

Тарыхты материалисттик түшүнүү концепциясын жактагандар тескерисинче далилдешет. Бул боюнча адамдардын аң-сезимине карата материалдык турмуш биринчи орунда турат. Экономикалык түзүлүш, коомдогу процесстер жана кубулуштар рухий өнүгүүнү, адамдардын ортосундагы башка мамилелерди аныктайт.

Тарыхты түшүнүүдөгү бул эки концепция пайда болгондон бери адамзат коомундагы не деген залкар акылмандар бул экөөнүн кимиси туура деген маселенин тегерегинде баш катырып, таймашып келет. Бул күрөштүн негизинде коом жөнүндөгү илим да тынымсыз өнүгүүдө. Дүйнө тарыхында XIX к. ортосуна чейин тарыхты идеалисттик түшүнүү үстөмдүк кылып келген. Бул концепция батыштын тарых илиминде азыр да басымдуулук кылат.

Тарыхтын негизги мезгилдерге бөлүнүшү.

Тарых илиминин орчундуу маселелеринин бири – адам коомунун тарыхый өнүгүшүн мезгилдерге бөлүү болуп эсептелет. Коомдук өнүгүүнү хронологиялык тартипте мезгилдерге бөлүүдө дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө же алдыңкы өлкөлөргө тиешелүү чечүүчү факторлор негиз болуп келген.

Тарых илими пайда болгондон бери окумуштуу тарыхчылар коомдук өнүгүүнү мезгилдерге ажыратуунун түрдүү варианттарын иштеп чыгышкан.

Алсак, байыркы грек акыны Гесиод (б.з.ч. VIII – VII кк.) элдердин тарыхын беш мезгилге (кудай жараткан, алтын, күмүш, жез жана темир) бөлүп, улам кийинки мезгилде адам-дардын жашоо деңгээли төмөндөйт деп белгилеген. Байыркы грек ойчулу Пифагор (б.з.ч. VI к.) айланпа теориясын жетекчиликке алып, өнүгүү бир гана нукта жүрөт, анын башталышы, гүлдөшү жана өлүмү бар деп эсептеген.

Немец окумуштуусу Бруно Гильдебранд (1812 – 1878-жж.) чарба жүргүзүүнүн түрлөрү боюнча адамзат коомун натуралдык чарба, акча чарбасы, кредиттик чарба деп үч мезгилге бөлгөн.

Орустун географ жана социолог окумуштуусу Л. И. Мечников (1838 – 1888-жж.) тарыхты суу жолдорунун өнүгүшү боюнча дарыя жолдорунун (байыркы цивилизация), Жер Ортолук деңиздик (орто кылымдар) жана океандык (жаңы жана соңку доорлор) жолдордун мезгили деп бөлөт.

XIX к. ортосунда К. Маркс (1818 – 1883-жж.) тарыхты материалисттик түшүнүү принцибинин негизинде адам коомун беш коомдук-экономикалык формацияга бөлгөн. Анын негизин өндүрүш ыкмалары – өндүргүч күчтөр менен өндүрүштүк мамилелердин конкреттүү биримдиги түзгөн. К. Маркстын формация концепциясы боюнча адам коому бири-бирин ырааттуу алмаштырган беш коомдук-экономикалык формациялар (алгачкы жамааттык, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик жана коммунисттик) боюнча өнүгөт.

К. Маркстан айырмаланып, батыштын окумуштуулары XX к. тарыхый процесстер, аймактык цивилизациялар айланпа боюнча бири-бирин алмаштыруу принциби менен өнүгөт деген теорияны негиздеген. Алардын көрүнүктүү өкүлү А. Тойнбинин (1889 – 1975-жж.) пикири боюнча адамзат тарыхында цивилизациянын 13 түрү бири-бирине көз карандысыз жашап келген. Алардын ар бири пайда болуу, гүлдөө жана кыйроо доорун баштарынан өткөрөт деген. Анын пикири боюнча азыр дүйнөлүк цивилизациянын 8 түрү жашап жатат.

Америкалык окумуштуу У. Ростоу (1916-ж. туулган) XX к. 60-жылдарында экономикалык өнүгүү стадияларынын теориясын иштеп чыккан. Ал экономикалык өнүгүүнүн беш стадиясын (салттуу коом, өткөөл коом, «учуу» жана акырындап жылуу мезгили, бышкан мезгил, жогорку массалык керектөө эрасы) көрсөтөт. 70-жж. У. Ростоу буларга алтынчы стадияны кошуп, аны адамдын турмуш шарттарын сапаттуу жакшыртуунун жолун издөө мезгили деп атаган. А. Тойнби менен У. Ростоунун теориялары батышта колдоого алынган.