Вирунга

Википедия дан
Вирунга.

Вирунга (парк) – Конго Демократиялык Республиканын түндүк-чыгышында, Уганда менен Руанданын чегинде жайгашкан улуттук парк. Аянты 7,9 миң км2. Жоголуп бараткан айбанаттарды коргоо максатында 1925-ж. уюшулган. Деңиз деңгээлинен 800-5000 м бийиктикте жайгашкан. Улуттук парктын аймагына саванна, нымдуу тропиктик токой мүнөздүү. Коргоого алынган айбанаттардын ичинен тоо горилласына эң ыңгайлуу шарт бар, ошол эле учурда көптөгөн башка жаныбарлардын, айрыкча пилдин, кериктин, бегемоттун, кафр чамусунун (жаныш) саны браконьерликтен туруктуу кыскарууда. Паркты, ошондой эле шимпанзе, түрдүү антилопалар, окапилер, арстандар, сөөлдүү доңуздар, кабыландар мекендейт. Суу жана саз куштары да көп. 1979-ж. Бүткүл дүйнөлүк мурастын, 1994-жылдан кооптуу кырдаалдагы объектилер тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]