Виталий Лазаревич Гинзбург
Виталий Лазаревич Гинзбург (1916-жыл 21-сентябрь (4-октябрь), Москва - 2009-жыл 8-ноябрь, ошол эле жерде) - советтик жана орусиялык теоретик-физик, физико-математика илимдеринин доктору (1942), профессор.
СССР ИАнын академиги (1966; 1953-жылы мүчө-корреспондент). Ленин сыйлыгынын лауреаты (1966), биринчи даражадагы Сталин сыйлыгынын лауреаты (1953) жана физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (2003). 1944-жылдан тартып ВКП(б)нын мүчөсү.
Эл аралык астронавтика академиясынын академиги (1969; 1965-жылы мүчө-корреспанденти). Эл аралык астрономия союзунун мүчөсү (1961). АКШнын Улуттук илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (1981), Лондон падышалык коомунун (1987), АКШнын Америка илимдер жана искусстволор академиясынын (1971), Европа Академиясынын (1990), Даниянын илимдер академиясынын ж.б. мүчөсү.
СССРдин СССР Илимдер академиясынын атынан депутаты (1989-1991).
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Негизги илимий иштерин радиотолкундардын таралышы, астрофизика, космостук нурлардын пайда болушу, Вавилов-Черенков нурлануусу, плазма физикасы, кристаллооптика ж.б. боюнча жүргүзгөн. Теориялык физика, радиоастрономия жана космостук нурлардын физикасы боюнча 400гө жакын илимий макаланын жана 10го чукул монографиянын автору.
- Гинзбург 1940-жылы Вавилов-Черенков эффектинин кванттык теориясын жана кристаллдардагы черенковдук нурлануунун теориясын иштеп чыккан.
- 1946-жылы И.М. Франк менен бирге эки чөйрөнүн чеги бөлүкчө менен кесилишкенде пайда болгон нурлануунун өтмө теориясын чыгарган.
- 1950-жылы (Л. Д. Ландау менен бирге) жарымфеноменалдуу жогорку өткөрмөлүүлүк теориясын түзгөн (Гинзбург-Ландау теориясы).
- 1958-жылы (Л. П. Питаевский менен бирге) жарымфеноменалдуу жогорку агуучулук теориясын түзгөн (Гинзбург-Питаевский теориясы). Магнитотормоздук космостук радионурдануу жана космостук нурлардын радиоастрономиялык келип чыгуусу тууралуу теорияларды иштеп чыккан.