Власовчулар

Википедия дан

Власовчулар - Сов. Ата Журттун чыккынчылары, Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде фаш. Германия тарабына өткөн антисов. аскер курамаларынын катышуучулары.

Волхов фронтундагы 2-сокку уруучу армиянын мурунку командачысы генерал- лейтенант А. А. Власовдун ысымынан аталган. Власов 1942-ж. июлда туткунга түшүп, гитлерчилерге кызмат кылган, өзүнө баш ийген бөлүктөрдөн СССРге каршы согушуучу аскер топтогон. 1945-жылдын май айында Власовчулардын калдыктары Чехосл-янын террирториясында талкаланып, Власов жанa анын жан-жөкөрлөрү туткунга алынып, СССР Жог. сотунун Аскер коллегиясынын өкүмү боюнча 1946-ж. 1-августта өлүм жазасына тартылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.