Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы

Википедия дан
Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы.

Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы - В. И. Ленин атындагы Волга жана Дон дарыяларын алардын эң жакын жеринен бириктирип турган канал.

Уз. 101 км (мунун ичинен 45 км суу сактагычтар аркылуу өтөт). Волга менен Донду байланыштырган кеме журүучү канал курууга 17-кылымдын аягында эле Петр I демилге көтөргөн.

Эки дарыяны бириктирүүнүн бир нече долбоору кийин иштелип чыгып, бирок ишке ашкан эмес. Каналды куруу иши Улуу Ата Мек. согуштун алдында гана колго алынып, бирок согуш жылдарында токтолуп калган.

Ал 194852-ж. толук курулуп, СССРдин европ. бөлүгүндөгү суу транспортунун системасына айланды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.