Волюнтаризм

Википедия дан

Волюнтаризм (лат. voluntas – эрк) – коомдун кыймылдаткыч күчү жана дүйнөнүн түпкү жашоо себеби адам эркинде деп жарыялаган философиялык көз караш.

Бул идеалисттик көз карашты немис философтору А. Шопенгауэр, Ф. Ницше ж. б. үгүттөгөн. Психологияда Волюнтаризм 19-кылымдын аягында өнүгө баштаган. Волюнтаризмдин жактоочулары эркти адамдын аракеттеринин булагы жана психикалык турмушунун негизи деп эсептешип, аң сезимди эрктин туундусу катарында карашкан. Психологиядагы Волюнтаризмдин өкүлдөрү-немис социологу Ф. Теннис (ал Волюнтаризм терминин киргизген), немис психологу В. Лундт, орус психологу Н. Лосский, австриялык психолог З. Фрейд жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8