Вопросы истории

Википедия дан

Вопросы истории - Москвада ай сайын чыгуучу илимий журнал; СССР ИАнын тарых бөлүмү менен СССР жог. жана атайын орто билим берүү мин-восунун органы.

  • «Историк-марксист» деген ат менен 1926-ж. январдан чыккан. 1941-ж. «Исторический журнал» менен бириккен.
  • 1945-жылдан азыркы аты менен чыгат.
  • Башкы редакторлору: В. П. Волгин (1945—48), А. Д. Удаль­цов (1949—50), П. Н. Третьяков (1950—53), А. М. Панкратова (1953— 57), С. Ф. Найда (1958-60), 1960- жылдан В. Г. Трухановскпй.
  • Журналда ата мекендик жана дүйн. тарых, тарыхый процесс теорпясы, прогрессчил историография жагынан, бурж. историографияны сындоо боюнча проблемалуу макалалар жарыяланат. Көлөмү 19,6 басма табак. Тиражы 25 500 (1976). Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1976).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.