Вопросы истории КПСС

Википедия дан

Вопросы истории КПСС - илимий журнал, КПСС БКнын Марксизм-ле­нинизм институнун органы.

  • 1957-жылдын июлунан 2 айда бир жолу, 1963- жылдын январынан тартып ай сайын чыгат (Москвада).
  • Журналда марк­сизм-ленинизм классиктеринин идеялык-теориялык мурастары, КПСС тарыхынын орчундуу проблемалары, парт, курулуштун маселелери, КПСС-тин соц. жана коммунисттик курулушка жетекчилик кылуудагы иштери, эл аралык коммунисттик кыймылдын тарыхы жөнүндө материалдар жарык көрөт.
  • Анда бурж. жанa реформачыл идеологияга, КПСС тарыхын бурмалоочуларга каршы макалалар жарыяланат; В. И. Ленин менен анын шакирттеринин өмүрүнө жанa ишине байланыштуу эскерүүлөр да басылат.
  • Жур­нал беттеринде КПСС тарыхын үйрөнүүчүлөргө жардам берчү материалдар, тарыхый-парт. адабиятка рецензиялар чыгат.
  • Журналдын ишине жооптуу парт, кызматкерлер, эл аралык коммунисттик кыймылдын ишмерлери, илимпоздор, рев-янын, Гражд. жанa Улуу Ата Мек. согушунун ветерандары катышып турат.
  • Тиражы 56100 (1975).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.