Восс, Август Эдуардович

Википедия дан

Восс, Август Эдуардович [17(30). 10. 1916-ж. т. - 10 февраль 1994 жыл, Москва] — советтик парт, жана мамл. ишмер, 1942-жылдан КПСС мүчөсү.

  • Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Экон. илимд. кандидаты. Тюмень мугалимдер институтун бутуруп (1939), орто мектепте иштеген.
  • 1940-ж. ноябрдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде аскер саясий кызматкери.
  • 1945-ж. Латвия КП БКнын инструк­тору. 1945—48-ж. КПСС БКга караштуу Жог. парт, мектепте окуган.
  • 1950—53-ж. КПСС БКга караштуу Коомдук ИАнын аспиранты.
  • 1953—54-ж. Латвия КП БКнын илим жана мадананият бөлүмүнө башчы, 1954—60-ж. Латвия БКнын парт, органдар бөлүмүнө башчы.
  • 1960— 66-ж. Латвия КП БКнын секретары. 1966-жылдан Латвия КП БКнын биринчи секретары.
  • КПССтин 22-25- съезддерине делегат. 24—25-съезддерде КПСС БКнын мүчөлүгүнө шайланган.
  • СССР Жог. Советине (7—9 - шайл.) жанa Латвия ССР Жог. Советине (4— 8-шайл.) депутат. Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, 3 Эмгек Кызыл Туу ордени жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.