Всяких, Алексей Семёнович

Википедия дан

Всяких, Алексей Семёнович (30 апрель 1912, Новочеркасск айылы — 16 декабрь 1994) — сов. мал чарба илимпозу.

СССР мамл. сыйл. лауреа­ты (1951). ВАСХНИЛдин акад. (1975), айыл чарба илимд. доктору (1953), проф. (1953), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). Москвадагы Тимиря­зев атындагы айыл чарба академиясын бүтүргөн (1936). Кыргызстан мал чарба илими изилдөө институтунун зоотехнпиги, уй чарба бөлүмүнун башчысы, директорунун орун басары (1943—48), Бүткүл союздук мал чарба ил. из. институнун директоруна ил. жактаи орун басар (1948—51), Москвадагы вет. академиясынын мал чарба кафодрасына башчы (1951—61), Бүткүл союздук мал чарба ил. из. институнуна директор (1961—66) болун иштеген. 1966-жылдан Бүткүл союз­дук айыл чарба институтунун мал чарбасы боюнча өндүрүш-технол. кафедрасына баш­чы.

Уйдун ала-тоо породасын чыгарууга катышкан. Ал айыл чарба илимдеринин 3 докторун, 27 кандидатын даярдаган. В. —155 ил. эмгектин (32 мо­нография) автору. Илимий эмгектери уй­дун породасын жанa кунардуулугун жакшыртууга багытталган. Эмгек Кызыл Туу, I-дараж. Улуу Ата Мекендик Согуш, «Ардак Белгиси» ордендери жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.