Вычегда

Википедия дан
Вычегда
Мүнөздөмө
Узундугу 1 130 км
бассейндин аянты 121 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Коми Республикасы, Архангел облусу
ОМСР 03020200112103000013575

ВычегдаОрусиядагы Коми Республикасы менен Архангел облусундагы дарыя, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 121 миң км2. Тиман токолтоосунан башталып, башында кууш өрөөн менен агып, босоголуу, төмөн жагы жазы, жайылмасында салаалар жана эски нуктар көп. Негизги куймалары Вымь (оң) жана Сысола (сол). Орточо чыгымы 1160 м3/сек. Ноябрдын башынан апрелдин аягына чейин тоңот. Вольдино пристанына чейин (938 км) кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Сыктывкар, Сольвычегодск, Котлас (чатында) шаары жайгашкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]