Вышелесский, Сергей Николаевич

Википедия дан

Вышелесский, Сергей Николаевич (20. 10. 1874—14. 1. 1958)—сов. эпизоотолог, БССР ИАнын акад. (1928), РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1940).

1899-ж. Варшавадагы вет. институту бүтүргөн. 1906-жылга чейин Бело­руссия менен Азербайжанда вет. кызматта иштеп, андан кийин ил.-пед. ишке өткөн. Вышелесский малдын күлапса, бугу чумасы, чочко тилмеси, туберкулёз, бруцеллёз, уй өлөтү ж. б. ылаңдары жөнүндө ил. жанa практикалык маселелерди иштеп чыккан. К. Н. Бучнев менен бирге тели ылаңынын козгогучун тапкан. Жылкынын маңка ылаңын изилдөө боюнча Вышелесскийдин жүргүзгөн иши СССРде бул ылаңды жоюу чараларына негиз болду. В. эпизоотология боюнча окуу китеп жанa колдонмо даярдаган. «Айрым эпизоотология» деген окуу китебин түзгөндүтү үчүн ага СССР мамл. сыйлыгы (1941) ыйгарылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.