Вьетнам эмгекчилер партиясы

Википедия дан

Вьетнам эмгекчилер партиясы (ВЭП) - коммунисттик уюмдардын Гонконгдогу бириккен конф-ясында 1930-ж. 3-февралда негизделген.

Адегенде Вьетнам коммунисттик партиясы, 1930-ж. октябрдан 1951-ж. февралга чейин Инди-кытай коммунисттик партиясы (ИККП) деп аталган. 1931-ж. Коминтернге кабыл алынган. Француз колониячыларына жанa япон баскынчыларына (2-дүйн. согуш убагында) каршы Вьетнам элинин күрөшүн жетектеген. Улуу Ата Мек. со­гушта СССРдин жеңишинен кийпн түзүлгөн эл аралык кырдаал, о. эле Вьетнамдын ичиндеги рев-ялык жагдай 1945-ж. августта Танчо конф-ясында ИККПнин куралдуу көтөрүлүшкө өтүү жөнүндө чечим кабыл алышына мүмкүндүк берген.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.