В тобундагы витаминдер

Википедия дан

В тобундагы витаминдер. Киши үчүн эң маанилүү В (тиамин), В (рибофлавин), В же РР (никотин кислотасы), В5 (пантотен кислотасы), Вв (пиридоксин), Вя (фоли кислотасы) жана В12 (цианокобаламин). Тиамин (В1 витамини) организмдеги нормалдуу зат алмашууга, айрыкча углевод алмашууга керек. Организмге тиамин тамак-аш аркылуу барат, ошондой эле ичегидеги микроорганизмдер пайда кылат, бирок бул физиологиялык муктаждыкты толуктай албайт. В витаминине суткалык керектөө чоң кишилерде 1,4—2,4 мг, балдарда 0,5—2,0 мг. Бул витаминдин жетишсиздиги ичегинин жыйрылышын начарлатып, ич катат, булчуң алсызданып, ишке жөндөмдүүлүк начарлайт. Тиаминдин жоктугу же өтө аздыгы полиневрит жана нерв системасынын катуу оорусу — бери-бериге алып келет. Тамак аркылуу организмге витамин жетишээрлик түшсө да өнөкөт аракечтикте ( Өнөкөт аракечтик), кант диабетинде, ичеги-карын жолунун ооруларында витамин жетишсиздиги пайда болот; ошондой эле кээ бир дарылар (мисалы, антибиотиктер) тиаминди бузат. В витамини ачыткыда, айрыкча кургак пиво ачыткысы (100 гда 5 мг) менен нан квасында көп. В витамини көбүнчө чанактуу жана дан өсүмдүктөрүндө, акшакта арбын. Ошондуктан тамакка акшактарды (өзгөчө кара күрүч жана сулу), кесек ундан бышырылган нан кошуу зарыл. Ошондой эле жаныбарлардын боорунда, бөйрөктө, майсыз чочко этинде, жүрөктө көп болот. Тамак бышырууда, кургатууда тиамин аз бузулат. Сууда бышырганда витаминдин бир бөлүгү сууга чыгып кетет. В; витамини кара жумуш жана акыл эмгеги менен иштегенде, суукта көп талап кылынат. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8