Гаага конвенциялары

Википедия дан

Гаага конвенциялары - 1) Гаагашаарында (Нидерланд) болупөткөнбиринчи (1899) жанаэкинчи (1907) тынчтык конференцияларында согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары жана салттары тууралуу кабыл алынган эл-аралык конвенциялар. 1-Гаага конференциясына 27 мамлекет (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония жана башка) катышып, анда: эл-аралык кагылышууларды тынчтык жол менен чечүү; кургактыкта согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары жана салттары; 1864-жылыЖеневада кабыл алынган шарттарды деңизде согуш аракеттерин жүргүзүүдө колдонуу тууралуу үч конвенция кабыл алынган. 2-Гаага конференциясына 44 мамлекет (1899-жылдагы конференцияга катышкан бардык мамлекеттер, ошондой элеТүштүкжана Борбор Америкадан 17 мамлекет) катышып, анда 13 конвенция (согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдарыжана салттары, бейтарап мамлекеттердин укуктары, милдеттери жана башка) кабыл алынган. 2) Куралдуу чыр-чатактар учурунда маданий баалуулуктарды коргоо тууралуу 1954-жылдагы конвенция. 3) Эл-аралык жеке укук боюнча1902-05-, 1954-, 1955-, 1956-, 1961-жылдардагы конвенциялар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]