Гавиан мpамop кени

Википедия дан

Гавиан мpамop кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарчасынан 9 км түштүктө, деңиз деңгээли 2226-2530 м бийиктикте жайгашкан. 1972-73-ж. чалгындалган. Пайдалуу катмар палеозой заманында пайда болгон мрамордон жана мраморлошкон акиташтан турат. Пайдалуу катмардын калыңдыгы 80-120 м. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,60-2,79 г/см3, тыгыздыгы 2,73-2,79 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,4-2,7%, суу сиңирүүсү 0,070,55%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 100,3-136,8 МПа, сууга каныккан абалдагысы 64,1-99,5 МПа, жумшаруу коэффициенти 0,63-0,73, мрамор суукка чыдамсыз. Мрамордун өңү ак, боз, кызгылтым; өтө жаракалуу. Мраморду күкүмчө катары пайдаланууга болот. Запасы В категориясы боюнча 868,2 миң м3, С1 1519,8 миң м3, С2 960,8 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]