Гадельшин Хамит Габдулович

Википедия дан

Гадельшин Хамит Габдулович - (10.7.1923, Башкырт АССРи, Бишбулак району, Аитов кыштагы) Советтер Союзунун Баатыры (1944). Полковник. Советтик Армияга 1941-ж. августта Фрунзе шаарынан чакырылып, ошол жылы Ташкендеги байланышчылардын аскердик окуу жайын бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украин фронтунун 31-аткычтар дивизиясында байланыш ротасында улук радиотелеграфист. Украинаны баскынчылардан бошотууда душмандын терең тылына 8 жолу барып, баалуу маалыматтарды рация аркылуу билдирген. 1943-ж. 27-сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө (Сошиновка кыштагы) эрдик көрсөткөн. Согуштан кийин Ленинград аскердик байланыш окуу жайын жана Аскердик байланыш академиясын бүтүргөн. 1969-жылдан запаста. Фрунзе шаарындагы кесиптик-техникалык окуу жайында эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]