Газ-турбиналуу электр станциясы

Википедия дан

Газ-турбиналуу электр станциясы — электр генератору газ турбинасыменен кыймылга келтирилүүчү жылуулук электр станциясы. Көмүрдү жер астында жаткан жеринен газдаштыруудан алынган газменен иштөөчү станция катары пайда болгон. Адегенде газ-трубиналуу электр станциясы нымдуу күрөңкөмүр жайгашкан жерде (Тула облусундагы Шатск станциясы) курулган. Газдагы көмүр бөлүкчөлөрүнүн таасиринен газ турбинасынын калакчалары тез жешилгендиктен, мындай станция кеңири таралган эмес. 20-кылымдын 50-60-жылдарында дүйнөлүк практикада газ-турбиналуу кыймылдаткычтуугаз-трубиналуу электр станциясы көбүрөөк колдонула баштайт. Мында күйүүчү отун катары газ түрүндөгү продукт (жаратылыш газы, күйүүчү газ, нефть иштетүүдө жана генератордон, домна мешгеринен бөлүнүп чыккан газ), суюк отун (керосин, газойл, мазут) жумшалат. Ал станция чиркелмеге же темиржол платформасына орнотулуп, кен, нефть чыккан жерлерде, ири курулуш жүргүзүлүп жаткан аймакта негизги, ал эми электр энергиясы жетишсиз учурда толуктоочу станция катары пайдаланылат. Газ-трубиналуу электр станциясы жаратылыш газы менен иштейт, ошондой эле электр энергиясынын резервдик булагы катары колдонулат. Иштөө процесси негизинен автоматташтырылган жана аралыктан башкарылат. Көчмө газ-трубиналуу электр станциясы аз колдонулат, себеби дизелдик электр станциясына караганда эксплуатациялык мүнөздөмөсү начар. Айкалыштырылган буу-газ турбиналуу түзүлмө келечектүү экени аныкталды. Мында иштелген газдар сууну ысытууга же буу генераторунда төмөнкү басымда бууну иштеп чыгарууга жумшалат. Көпчүлүк өлкөлөрдө кубатуулугу 500 МВттан ашкан жылуулук блокторуна кубатуулугу 25-35 МВт болгон газтурбиналуу түзүлмөлөр кошумча орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]