Газ компрессор станциясы

Википедия дан

Газ компрессор станциясы — газ жананефть өндүрүшүндө, аларды газ түтүктөрү менен транспорттоодо, сактоодо жана кайра иштетүүдө жаратылыш газынын басымын жогорулатуучу станция. Арналышы боюнча башкы жана сызыктуу магистралдык газ түтүктөрү, газды жер алдында сактоочу жана газды катмарга кайра толтуруучу станция болуп бөлүнөт. Магистралдык газ түтүктөрүнүн башкы газ компрессор станциясы газ түтүктөрүнүн чыга бериш жериндеги керектүү жумушчу басымды камсыз кылуучу катмардык басым төмөндөгөндө, өндүрүштөн келүүчү газдын басымын жогорулатат. Кубаттуулугу 100 Мвтка жетип, андан ашат. Сызыктуу газ компрессор станциясы түтүк өткөргүчтөрдөгү басымдын төмөндөшүн керектүү деңгээлде кармап турат, кубаттуулугу 3-75 Мвт. Өткөргүчтөр аркылуу өтүүчү газ ашыкча болгондо, газ компрессор станциясы газды жер алдында сактоо үчүн берет. Кубаттуулугу 50 Мвтка чейин. Катмарга газды кайрадан берүүчү газ компрессор станциясы газды алуу учурунда конденсатын түшүрбөй, газдын катмардагы басымын кармап турат. Газ кирген жердеги басым 14 15 Мн/м2, чыккан жерде 4050Мн/м2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]