Гамбурцев, Григорий Александро­вич

Википедия дан

Гамбурцев, Григорий Александро­вич [10 (23). 3. 1903—28. 6. 1955]— сов. геофизик.

СССР ИАнын акад. (1953, корр. мүчө 1946). Москва университетин бүткөн (1926). 1938-жылдан СССР ИАнМн Геофизика институтунда (1948-жылдан директор) иштейт. Негизги ил. эмгектери сейсмометрияга арналган. Гамбурцев сейсмографтардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгып, алардын теориясын түзгөн. Кен байлыктарды чалгындоо үчүн сейсмдик жаңы методду (сынган толкундарды корреляниялоо) жана жер кыртышын тереңдиктен зонддоонун сейсм методун сунуш кылган. Жер титирөөлөрдү алдын ала билүү методдорун табуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. СССР мамл. сыйл. лауреа­ты (1941). Гамбурцевдин ысмы Чыгыш Антарктиданын борб. бөлүгүндөгү муз алдындагы тоого берилген (1958).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.