Гандемиан келишими
Гандемиан келишими — падыша аскерлери 1873-ж. жазында Кыйбаны ээлегенден кийин 1873-ж. 12- августта Орусия менен Кыйба хандыгынын ортосунда Кыйба жанындагы Гандемиан кышыннда түзүлгөн келишим.
Гандемиан келишими боюнча Кыйба ханы орус падышасынын вассалына айланып, өзүнчө тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажыраган. Аму-Дарыянын оң жээгиндеги жер Орусияга өтүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна кошулган. Аму-Дарыяда кеме жүргүзүүгө Орусия укук алган.
Гандемиан келишими хандыктын аймагында кулчулук жоюлду деп жарыялаган; Кыйба хандыгын Орусия империясынын жарым колониясына айландырууга шарт түзгөн.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.