Гандемиан келишими (1873)

Википедия дан

Гандемиан келишими (1873) - Россия империясы менен Хива хандыгынын ортосунда түзүлгөн келишим. 1873-ж. жазында орус аскерлери Хиваны ээлегенден кийин, Хиванын жанындагы Гандемиан кышаарында 1873-ж. 12-августта түзүлгөн. Гандемиян келишими боюнча Амударыянын оң жээгиндеги жерлер Россиянын карамагына өтүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна кошулган. Россия Амударыяда кеме жүргүзүүгө укук алган. Хандыктын аймагында кулчулук жоюлду деп жарыяланган. Келишимдин натыйжасында, Хива хандыгы Россия империясынын жарым колониясына айланып, өзалдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажыраган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]