Гаочан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Гаочан.

ГаочанТүркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы гунндардын доорунан башталат. Биздин замандын 1-кылымда түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген.

Хан империясы 2-кылымда гунндардан жеңилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-ж. хэси жана Гаочан аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген.

460-ж. бул династия жуан- жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда гунндар менен көчүп келген ашина түрк-төрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-к. 460-ж.) болуп өткөн.

Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында Гаочан Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Маалыматтын булагы[оңдоо | булагын оңдоо]